Динара Кемелова Непалда өткөн климаттык маселелер боюнча эл аралык форумга катышты

Коом 19 Май 2025 20:20
IMG_20250519_201917_527.jpg
IMG_20250519_201917_829.jpg
IMG_20250519_201918_105.jpg
IMG_20250519_201918_005.jpg
IMG_20250519_201917_902.jpg
IMG_20250519_201918_065.jpg
IMG_20250519_201918_219.jpg
Алдыга
Артка
IMG_20250519_201917_527.jpg
IMG_20250519_201917_829.jpg
IMG_20250519_201918_105.jpg
IMG_20250519_201918_005.jpg
IMG_20250519_201917_902.jpg
IMG_20250519_201918_065.jpg
IMG_20250519_201918_219.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 19.05.25. /Кабар/. Президенттин Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова Непалдын Катманду шаарында өткөн “Сагарматха Самбаад” эл аралык форумуна катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Динара Кемелова өз сөзүндө Кыргызстандын тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатындагы негизги демилгелерин, ошондой эле тоо күн тартибин дүйнөлүк деңгээлде илгерилетүүгө багытталган эл аралык иш-чараларды белгиледи.

Эл аралык форумдун алкагында Кыргызстандын делегациясы дагы бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Анын ичинде Непалдын токой чарба жана курчап турган чөйрө министри Айна Бахадур Шахи Такури жана Индиянын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба министри Бхупендер Ядав менен жолугушту. Мөңгүлөрдүн тез эришине, жайыттардын жана токойлордун бузулушуна каршы күрөшүү маселелери талкууланды.

Жолугушуулардын жүрүшүндө президенттин атайын өкүлү тоо күн тартиби боюнча эл аралык күч-аракеттерди координациялоонун, тоолуу өлкөлөрдүн климатты каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүнүн жана тоолуу аймактардын климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулугун жогорулатууга багытталган биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Динара Кемелова ошондой эле Кыргызстан тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү максатында активдүү эл аралык кызматташууга даярдыгын ырастады.