Чолпон-Ата, 23.07.25. /Кабар/. Кыргыздын "Күйдүм чок" ырын ырдагым келет. Бул тууралуу казакстандык белгилүү ырчы Димаш Кудайберген бүгүн Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн маалымат жыйында билдирди.
"Кыргыз элинин музыкасы абдан терең, обондору жүрөккө жетет. Айрыкча, кайгы менен сагынычты камтыган "Күйдүм чок" ырын ырдагым келет. Мүмкүнчүлүк болсо, жакында кыргыз тилинде ыр жаздырып, репертуарыма кошкум келет", — деди ал.