Диетолог кечки тамакты ашыкча ичүүнүн кесепетин айтты

Ден соолук Загрузка... 16 Март 2026 19:08
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Уктар алдында ашыкча тамактануу тамак сиңирүүдө көйгөйлөрдү жаратып, ашыкча салмак кошууга алып келет. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине медицина илимдеринин кандидаты Ольга Ямилова билдирди.

"Уктар алдында тоюп тамактануу ичеги-карын жолдоруна ашыкча күч келтирет. Бул тамак сиңирүүнүн бузулушуна, зарнанын пайда болушуна, ашказандагы тамактын кайра кызыл өңгөчкө чыгышына жана дене салмагынын өсүшүнө алып келет", – деди дарыгер.

Анын айтымында, кеч ичилген оор тамак уйкунун сапатын төмөндөтүп, эртеси эртең менен чарчоо жана шишиктердин пайда болушуна себеп болот.

"Кечки тамак сиңимдүү, жеңил болушу керек жана уктардан 2,5-3 саат мурун ичилгени туура", – деди ал.