Бишкек, 16.09.26 /Кабар/. Диетолог Эмма Дербишир кан басымды нормалдаштырууга жардам бере турган беш азыкты атады. Бул тууралуу Лента.ру жазды.
Адистин айтымында, кызыл жана кочкул кызгылт түстөгү жашылча-жемиштер кан басымды нормалдуу кармоого пайдалуу.
Диетолог төмөнкү азыктарды сунуштады:
- жүзүм;
- карагат;
- кызыл пияз;
- бүлдүркөн;
- кызыл капуста.
Бул азыктардын курамындагы антоциандар кан тамырлардын иштешине, холестериндин деңгээлине жана кан басымга оң таасирин тийгизиши мүмкүн.
Диетологдун айтымында, кызыл пияздын курамында кан басымды төмөндөтүүгө жардам бере турган кверцетин да бар. Ал эми кызыл капустада мындай кошулмалардын ондогон түрү кездешет.
Ошол эле учурда адис бул азыктарды колдонуу гипертониянын алдын алууга кепилдик бербей турганын жана дарыгер белгилеген дарылоону алмаштырбай турганын белгиледи.