Кан басымдын жогорулашы (гипертония) менен ооругандардын саны жыл санап өсүүдө. Ошол эле маалда кан басымдын төмөндүгү (гипотония) менен жабыркагандар да жок эмес. Биз бул ирет дал ушул кан басымдын төмөн жана жогору болушу тууралуу сөз кылабыз. М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун Артериалдык гипертензия бөлүмүнүн башчысы, кардиолог Мыскал Дүйшөналиева менен оорунун алдын алып, сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу тууралуу маек курдук.

— Кан басым эмне себептен улам жогору болушу мүмкүн?
— Кан басым 140/90дон ашса жогору кан басым деп эсептелинет. Кыргызстанда өткөрүлгөн изилдөөдө чоң адамдардын 32 пайызы жогорку кан басым менен жабыркай турганы белгиленген. Бул калктын дээрлик 1 миллионунун жогорку кан басымы бар деген статистиканы көрсөтүп турат. Бирок ошол 1 млн адамдын ичинде өзүнүн оорусун жарымы гана билет. Калгандары этибар албай, билбей жүрө беришет. Эмне үчүн мындай болот? Анткени жогору кан басымдын симптомдору жок, көп билинбейт. Артериялык кан басымдын жогорулоосун медицинада "үнсүз ажал" деп атап коюшат. Ошондуктан жыл сайын кан басымды көзөмөлдөө менен медициналык текшерүүдөн өтүү кажет, ошондой эле кан басымды үй шартында өз алдынча өлчөө маанилүү. Кан басымды ченей турган тонометр аппараты бейтапканаларда жана дарыканаларда да бар. Гипертонияны өз учурунда аныктоо олуттуу татаалдашуулардын өнүгүүсүн алдын алууга мүмкүнчүлүк берет. Эгерде, 140/90дон өйдө болсо, бул норма эмес деп эсептелет жана адам үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылууга туура келет.

— Гипертония оорусу адамдын ден соолугуна кандай кесепеттерди алып келет?
— Гипертония (жогорку кан басым) адамдын ден соолугуна бир катар кесепеттерин тийгизет. Бул жүрөк, бөйрөк алсыздыгына, инфаркт, инсультка алып келет, жүрөктүн иштешинин бузулушу мүмкүн. Мындай кан басым өнөкөт оору болуп саналат жана өмүр бою адамдын кан басымы жогору болуп турат. Дарыгерлер жогорку кан басымы барларга атайын дары жазып берет. Бейтаптар аны калтырбай өмүр бою ичиши керек. Ошондо гана кан басым нормага келтирилип турат.
— Жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу жолдору тууралуу айта кетсеңиз?
— Артериялык кан басымдын алдын алууга жашоодогу адаттарды өзгөртүү, анын ичинде тамак-аш рационун өзгөртүү, тамекиден баш тартуу жана активдүү жашоо мүнөзүн алып жүрүү жардам берет. Гипертония оорусунун өрчүүсүнө бир катар факторлор таасир тийгизет: жүрөк ооруларына тукум куучулук жакындык, ашыкча салмак, майлуу жана туздуу азыктар менен тамактануу, чылым чегүү жана ичимдик ичүү, стресске кабылуу жана аз кыймылдоо. Оору баштапкы баскычында баш оору, баштын айлануусу, кулактын дүңгүрөшү, көздүн көрүүсүнүн бузулушу, жүрөк туштагы ооруксунуу түрүндө пайда болот. Көпчүлүк адамдар дарыгерге башка оорулар боюнча кайрылган учурда гана оору тууралуу билип калышат. Дары каражаттарын ичүүнү өз алдынча токтотуу жана алардын өлчөмүн өзгөртүү оорунун курчушуна алып келе тургандыгын билүү маанилүү.

— Ошондой эле төмөн кан басым менен жүргөн адамдар да бар. Аларда кан басым эмнеге төмөн болот?
— Адамдын кан басымынын төмөн болушу гипотония деп аталат. Айрым кишилердин кан басымы нормада 90/60 болушу мүмкүн. Бул адамдын үй-бүлөлүк генетикасына жараша да болот. Мындай кан басым менен адам өзүн жакшы сезип жүрө берет. 90/60тан ылдый түшкөн учурда кан басым төмөн деп эсептелинет. Артериялык гипотония адамда дайыма эле боло бербейт. Бир учурда эле төмөндөп кетиши мүмкүн. Кан басымдын түшүп кетишине себеп болгон факторлор жоюлганда кан басым калыбына келет.
— Кайсы факторлор кан басымды төмөн болушуна алып келет?
— Эгерде адамдар чарчаса, жетиштүү өлчөмдө тамактанбаса, жүрөктүн согушу бузулганда, адам шок болгондо да кан басым төмөндөп кетет. Ошондой эле тамак-ашка ууланган учурда да кан басым ылдыйлап калат. Эгерде адам жакшы уктап, эс алып, туура тамактанып, жүрөктүн иштешинин бузулушу калыбына келтирилсе, кан басымы нормалдашат.