Депутаттар кадыр-баркын өздөрү көтөрүшү керек – президент

Президент Загрузка... 11 Март 2026 12:40
DOS_4925.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Диана Айдарова

Бардык материалдар

Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Жогорку Кеңеште депутат Эрулан Көкүлов эл өкүлдөрүнүн кадыр-баркы түшүп кеткенин айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылды.

Эл өкүлүнүн айтымында, айрым министрлер депутаттарга тоготпогон мамиле жасап, кээ бир учурларда аларды кабыл алуу бөлмөлөрүндө күттүрүп коюп жатышат.

"Биз министрлерге өзүбүздүн жеке маселебиз менен эмес, элдин көйгөйү менен барабыз", — деди Эрулан Көкүлов.

Буга жооп иретинде мамлекет башчысы депутаттык кадыр-барк, биринчи кезекте, эл өкүлдөрүнүн жүрүм-турумунан жана көтөргөн маселелеринин деңгээлинен көз каранды экенин белгиледи.

“Депутаттын кадырынын түшүшү министрлерден же менден эмес, сиздердин өзүңүздөрдөн көз каранды. Кадыр-баркты депутаттар өздөрү эле түшүрүп жатышат. Эгерде сиздер майда-чүйдө маселелерди көтөрүп, эл алдында болор-болбос нерселер менен уят болуп жатсаңыздар, анда эл сиздерди кантип сыйлайт? Кадыр-баркты ишиңиздер жана деңгээлиңиздер менен көтөрүшүңүздөр керек”, — деп билдирди Садыр Жапаров.

Ошону менен бирге президент министрлерге кайрылып, депутаттарды кезексиз кабыл алууга чакырды. Бирок мамлекет башчысы так шарт койду:

"Эгер депутат жеке өзүнүн маселеси менен барса, анда дароо чыгарып салгыла", — деп кесе айтты өлкө башчысы.