Бишкек, 29.04.26 /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев жогорку билим алуу үчүн алынган кредиттерди субсидиялоону сунуштады.
Анын айтымында, мамлекет айыл чарба тармагына 3 пайыз менен жеңилдетилген насыя берет. "Студенттердин билим алышы үчүн дагы ушундай эле жеңилдетилген насыяларды берүүгө эмнеге болбосун?", - деп суроо салды эл өкүлү.
Бекешов бул принципти мамлекет үчүн актуалдуу болгон - санариптештирүү, жасалма интеллект, медицина, мугалимдик жана башка факультеттерге тапшырган студенттер үчүн колдонсо болорун айтты. "Багыттар абдан көп. 2027-жылдын республикалык бюджетине ушул маселени киргизүүнү абдан суранам", - деди ал.
Ошондой эле депутат стипендия маселесине да токтолду.
"Бүгүнкү күндө стипендияны окууда ийгилик жараткан студенттер гана алышат, бирок кандай болгон күндө да 800 сом - бул эч нерсеге жетпейт", - деп билдирди Бекешев.