Миокард инфарктына кабылган бейтаптарга стенттер акысыз коюлат

Ден соолук Загрузка... 13 Март 2026 16:48
GettyImages-9993500.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. Депутат Болотбек Борбиев Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандагы өлүмдүн болжол менен 53 пайызы жүрөк-кан тамыр ооруларына туура келерин айтып, Саламаттык сактоо министрлиги бул багытта кандай чараларды көрүп жатканына кызыкты.

Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиевдин айтымында, өлкөнүн кардиология кызматы акыркы жылдары бир катар ийгиликтерге жетишти.

Ал белгилегендей, өлүмдүн олуттуу бөлүгү миокард инфарктына байланыштуу.

"Өз убагында жардам көрсөтүү үчүн ангиографиялык жабдыктар колдонулууда. Миокарддын курч инфаркты болгон учурда бейтаптарга мамлекеттин эсебинен акысыз стенттер коюлат. Мындай жардам учурда Кыргыз-Түрк достук ооруканасында көрсөтүлүүдө. Ошондой эле ушундай бөлүмдөр Ош жана Кадамжай шаарларында ачылды", — деди ал.

Т. Мамадалиев инфаркт учурунда "алтын убакыт" деп аталган мөөнөттө медициналык жардам көрсөтүү өмүрдү сактап калууда өтө маанилүү экенин белгиледи.

"Келечекте министрлик бул багытты өнүктүрүүнү жана өлкөнүн ар бир районундагы медициналык мекемелерди тийиштүү жабдуулар менен камсыз кылууну пландаштырууда", — деп кошумчалады министрдин орун басары.