Депутат онкологиялык бейтаптарга психологиялык жардам көрсөтүүнү сунуштады

Ден соолук Загрузка... 13 Март 2026 11:18
copyright icon Кабар

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. Депутат Исманали Жороев Жогорку Кеңештин жыйынында онкологияда бейтаптарга диагнозун психологдун катышуусунда угузууну сунуштады.

Эл өкүлү белгилегендей, рак диагнозун уккан бейтаптар үчүн биринчи кезекте моралдык-психологиялык колдоо өтө маанилүү.

"Онкологиялык ооруканаларда бейтаптар үчүн психологдун кызматын уюштуруу керек. Тилекке каршы, учурда бейтапка оорусу тууралуу түз эле айтып коюп жатышат. Мындай оор кабардан кийин адам чөгүп, стресстен улам абалы тез начарлап кетүүдө. Ошондуктан, дарылоону баштоодон мурда психологдун катышуусунда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл", – деди Исманали Жороев.