Депутат балдарга майыптуулукту аныктоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүүнү сунуштады

Ден соолук Загрузка... 13 Март 2026 16:00
498201607006593_big.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. Депутат Гүлнара Акимбаева "Ишеним" жана "Ала-Тоо" депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында балдарга майыптуулукту аныктоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө чакырды.

Анын айтымында, Кыргызстанда 37 миңден ашык майыптыгы бар бала жана 3 миңге жакын психикалык оорудан жабыркаган бала катталган.

Депутат көптөгөн ата-энелер майыптуулукту каттоодо татаал процедураларга туш болуп жатканын белгиледи. Тактап айтканда, үй-бүлөлөр документ чогултуу үчүн көп ирет тар чөйрөдөгү адистерден текшерүүдөн өтүүгө, Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна, Республикалык психикалык ден соолук борборуна жана медициналык-социалдык эксперттик комиссияларга кайра-кайра кайрылууга мажбур болушууда.

Буга байланыштуу ал Саламаттык сактоо министрлигин балдар үчүн комиссиядан өтүү жана майыптуулукту каттоо тартибин жөнөкөйлөтүүгө чакырды.