Кыргызстандык суучул Денис Петрашов 28-июлда Сингапурда өткөн сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатында тарыхый ийгиликке жетишти. Ал 100 метрлик брасс ыкмасы боюнча финалдык жарышта 58,88 секунд жыйынтык көрсөтүп, үчүнчү орунга жетишип, коло медалга ээ болду. Бул өлкөбүз үчүн спорттун бул түрүндөгү алгачкы жогорку жетишкендик болуп саналат.

Спортчунун акыркы эл аралык мелдештерге даярдыгы жана алдыдагы пландары тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине анын атасы жана машыктыруучусу Евгений Петрашов маалымат берди.
Анын айтымында, Денис Петрашов быйыл май айында АКШдагы университетте окуусун аяктап, ошол жакта машыгып жүргөн. Университетти аяктагандан кийин команда бийик тоолуу шарттарда Ысык-Көлдө машыгуу өткөрүүдөн баш тарткан.
“Биз тобокелге баргандан корктук, анткени Денис бир жыл бою тоодо болбогондуктан бул анын даярдыгына кандай таасирин тийгизерин билген жокпуз. Ошондуктан биз машыгуу үчүн 21 күнгө Түркияга бардык, ал жакта машыгууга жакшы шарттар түзүлгөн. Андан соң бир жумага үйгө кайтып келип, Германияга Дүйнөлүк Универсиадага катышуу үчүн визага документтерди тапшырдык. Кайра Түркияга жыйынтыктоочу машыгууга жөнөп кеттик”, - деди Евгений Петрашов.

Ал даярдык ийгиликтүү өткөнү менен Универсиада учурунда айрым кыйынчылыктар жаралганын кошумчалады.
“Машыгуудан түз эле мелдешке учуп бардык. Бирок, Германияда Денис бир аз ооруп калгандыктан старттык стратегияны өзгөртүүгө туура келди”, - деди Евгений Петрашов.
Бул мелдештен кийин спортчу командасы менен дүйнө чемпионатына алты күн калганда Сингапурга барган, себеби Европадан убакыт айырмасы алты саатты түзгөндүктөн, акклиматизация болуу үчүн убакыт керек болгон.

Евгений Петрашов спортчунун Сингапурда көрсөткөн жыйынтыктары тууралуу айтып жатып, Денистин жогорку жыйынтык көрсөтүүгө даяр болгонун белгиледи.
“Окуу учурунда биз бардык деталдардын үстүндө иштедик. Машыгуунун жыйынтыгында ал мыкты жыйынтык көрсөтүшү керек болчу, жана ал көрсөтө алды. Денис дүйнөлүк спортчулардун деңгээлинде сүздү. Бул кыргыз спорту үчүн чоң жетишкендик. Дүйнө чемпионатына катышуу – өзү эле 209 өлкөнүн арасынан тандалып чыгуу дегенди билдирет”, – деп белгиледи машыктыруучу.
Муну менен катар Петрашов Кыргызстанда сууда сүзүүнү өнүктүрүүдөгү кыйынчылыктарга токтолду.
“Бизде таланттуу балдар көп. Бирок, олимпиадалык деңгээлдеги бассейндерде чоң көйгөй бар. Мамлекеттик жалгыз бассейн “Дельфин” эскирген, калгандары болсо жеке”,-деди ал.

Алдыдагы пландар боюнча айтсак, спортчунун үй-бүлөсү азыртан эле Олимпиада оюндарына даярданып, медаль тагынууну максат кылууда.
“Жакшы даярдануу үчүн АКШда машыгуу зарыл экенин баары билет. Америкада окуу учурунда университет Дениске турак жай, тамак-аш, окуу төлөмдөрү жана бардык чыгымдарды камсыздаган. Эми ал IT багытында магистратурада окуусун улантса дейбиз, бирок бизде андай мүмкүнчүлүк жок. Эгер мамлекет колдоо көрсөтсө, абдан жакшы болмок. Себеби, Кыргызстанда азырынча заманбап машыгуу залдары, бассейндер жана деңгээли туура келген спарринг-өнөктөштөр жок”, – деп жыйынтыктады Евгений Петрашов.