Бишкек, 27.10.25. /Кабар/. Адам өзүн жеңил-желпи сезүүнүн жеңил жолу табылды.
Жөн гана жеңил кыймыл-аракет дагы кийинки эле күнү адамдын сергектигин жана жалпы өзүн-өзү жакшы сезүүсүн байкаларлык жакшырта алат. Мындай жыйынтыкка Техас университетинин (Арлингтон) жана Австралиядагы Монэш университетинин изилдөөчүлөрү келишкен. Изилдөөнүн жыйынтыктары Psychology of Sport and Exercise (PSE) журналына жарыяланды.
Изилдөөгө 350дөн ашык жаштар катышып, алар бир жуманын ичинде активдүүлүк трекерлерин тагынып жүрүшкөн. Окумуштуулар уйкунун сапаты, физикалык жүк жана отуруп өткөргөн убакыттын кийинки күндөгү маанайга жана энергияга тийгизген таасирин талдашкан.
Жыйынтыгында, болгону 30 мүнөттүк жеңил активдүүлүк — мисалы, сейилдөө, үй жыйноо же үй ичинде жөн гана кыймылдап жүрүү — толугу менен отуруп өткөрүлгөн күнгө салыштырмалуу сергектикти кыйла арттырганы аныкталган.
Тескерисинче, өтө интенсивдүү машыгуулар андай таасир бербегени, ал эми узак убакыт отуруу адамдын абалын начарлатканы байкалган.
Профессор Юэ Ляонун айтымында, кыймылды бир аз көбөйтүү психикалык жана физикалык саламаттыкты сактоонун жөнөкөй жана жеткиликтүү жолу болуп саналат. Ал спорт менен сөзсүз машыгуунун кажети жок экенин, болгону аз отуруп, бир аз көбүрөөк кыймылдоо эле жетиштүү экенин белгилеген. Мындай учурда өзгөрүүнү кийинки күнү сезүүгө болору белгиленген.