Дем алышта өлкө аймагында 41 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 18 август 2025 09:40
Дем алышта өлкө аймагында 41 өрт кырсыгы катталды

Бишкек, 18.08.25. /Кабар/. Дем алышта өлкө аймагында 41 өрт кырсыгы катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

  • Бишкек шаарында – 8;
  • Ош шаарында – 1;
  • Ош облусунда – 6;
  • Чүй облусунда – 11;
  • Жалал-Абад облусунда – 8;
  • Ысык-Көл облусунда – 4;
  • Нарын облусунда – 1;
  • Талас облусунда – 1;
  • Баткен облусунда – 1.

Өрттү өчүрүүгө 42 күжүрмөн эсеп тартылган.

Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болду.