Бишкек, 04.08.25. /Кабар/. Өлкө аймагында дем алышта 22 өрт кырсыгы катталды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:
- Бишкек шаарында – 6;
- Ош шаарында – 1;
- Ош облусунда – 3;
- Чүй облусунда – 3;
- Жалал-Абад облусунда – 3;
- Ысык-Көл облусунда – 1;
- Нарын облусунда – 1;
- Баткен облусунда – 4.
Өрттү өчүрүүгө 23 күжүрмөн эсеп тартылган. Куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болду.