Бишкек, 11.08.25. /Кабар/. Дем алышта өлкө аймагында 40 өрт кырсыгы катталды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:
- Бишкек шаарында – 8;
- Ош шаары – 1;
- Ош облусунда – 5;
- Чүй облусунда – 9;
- Жалал-Абад облусунда – 10;
- Ысык-Көл облусунда – 4;
- Нарын облусу – 2;
- Талас облусу – 1.
Өрттү өчүрүүгө 50 күжүрмөн эсеп тартылган. Куткаруу кызматтары тарабынан 6 чыгуу болду.