Deepseek максималдуу натыйжалуулукка ээ жаңы ЖИ моделдерин сунуштады

Дүйнө Загрузка... 04 Декабрь 2025 17:35
WhatsApp Image 2025-12-04 at 07.36.42.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.12.25 /Кабар/. Кытайлык DeepSeek технологиялык компаниясы жасалма интеллект жаатындагы жаңы ийгиликтерин жарыялады. Компания DeepSeek-V3.2 жана анын жогорку өндүрүмдүү версиясы — DeepSeek-V3.2 Speciale моделдерин сунуштады. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, жаңы моделдер жакшыртылган окутуу протоколу жана мыкты машыгуу аркылуу GPT-5 деңгээлине тең көрсөткүчтөргө жетүүгө мүмкүнчүлүк берген.

DeepSeek-V3.2 натыйжалуулук менен татаал логикалык ой жүгүртүү мүмкүнчүлүктөрүнүн ортосунда тең салмактуулукту камсыз кылса, DeepSeek-V3.2 Speciale версиясы GPT-5тен ашып түшөт жана Gemini 3.0 Pro деңгээлинде ой жүгүртүү тапшырмаларын аткара алат.

Мындан тышкары, DeepSeek-V3.2 Speciale модели 2025-жылкы Эл аралык математика жана информатика олимпиадаларында алтын медаль жеңип алган.

Учурда дүйнөлүк жасалма интеллект жаатындагы атаандаштык курчуп баратат. OpenAI өзүнүн жаңы GPT-5 моделин тааныштырса, Google ноябрь айында жаңы Gemini 3.0 Pro системасын ишке киргизген.