Дастан Кадыров Жалал-Абад облусунун башкы архитектору болду

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 17 Февраль 2026 16:40
635060763_1416870319912013_3332320951148089982_n.jpg
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Кадыров Дастан Максатович Шаар куруу жана архитектура департаментинин Жалал-Абад региондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Тиешелүү буйрукка курулуш министри Нурдан Орунтаев кол койду.

Бүгүн министрдин биринчи орун басары Самат Жантелиев жаңы дайындалган башчыны башкармалыктын эмгек жамаатына тааныштырып, анын кызматтык ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.

Эске салсак, Дастан Кадыров буга чейин "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик мекемесинин Биринчи май райондук архитекторлор бөлүмүнүн башкы архитектору кызматын аркалаган.