Дарылоо менен катар өнүгүүгө карай: Кара-Кулжада медицина кандай өзгөрүүдө?

Ден соолук 15 Июнь 2026 17:25
724153466_1024026250024743_4504346612739390334_n.jpg
720674972_1024026056691429_5462301263858109592_n.jpg
721696697_1024048250022543_7581507263826294260_n.jpg
721949962_1024026466691388_6621415437720345543_n.jpg
723196967_1024026536691381_6640446713886119112_n.jpg
723556322_1024026640024704_7524543861864143486_n.jpg
723561259_1024026296691405_1358013952685271894_n.jpg
723586398_1024026590024709_4673469271095287711_n.jpg
723838346_1024026160024752_343752641358923327_n.jpg
724118556_1024026260024742_3379248497747881006_n.jpg
724170740_1024026010024767_9081938927691365170_n.jpg
724174494_1024026460024722_46546956003087946_n.jpg
724188756_1024026520024716_6987516260213865479_n.jpg
724246924_1024026060024762_4769875467448745003_n.jpg
724292748_1024025950024773_8011102152527585143_n.jpg
724552202_1024026186691416_7589371738295985747_n.jpg
WhatsApp Image 2026-06-15 at 08.13.50.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Кара-Кулжа райондук жалпы дарыгерлик практика борборунда (ЖДПБ) акыркы эки жылда медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу багытында ири өзгөрүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Борбордун директору Кайратбек Алымкуловдун айтымында, учурда оорукана акыркы үлгүдөгү жасалма дем алдыруучу аппарат, ультра добуштуу изилдөө, эхокардиография аппараттары, ЛОР-комбайн жана заманбап лабораториялык жабдуулар менен камсыз болду. Бул бейтаптарды облус борборуна жөнөтпөй, жергиликтүү деңгээлде так диагноз коюуга шарт түзөт.

"Ош облусун өнүктүрүү фондунун колдоосу менен 12 млн сомго жаңы тамак-аш блогунун курулушу башталды. Ошондой эле балдар бөлүмүн капиталдык оңдоого 5,5 млн сом бөлүнүп, төрөт бөлүмүн жаңылоо пландалууда. Алыскы тоолуу айылдарда жаңы ФАП жана Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараттары курулууда", - дейт ал.

Алымкулов белгилегендей, райондо жалпы практикадагы дарыгерлердин тартыштыгы байкалууда (иштегендердин көбү пенсия курагындагылар). Бирок акыркы убакта жаш адистердин саны акырындап көбөйүп жатат.

Кара-Кулжада ЖДПБнын жаңы, заманбап имаратын куруу боюнча долбоорлоо иштери башталды. Эң башкысы, жаңы комплекс менен бирге жаш дарыгерлер үчүн кызматтык жатакана куруу да пландалууда.

"Биздин максат - Кара-Кулжанын тургундары райондун чегинен чыкпай эле өз убагында сапаттуу медициналык жардам алуусун камсыздоо", - дейт мекеме жетекчиси.