Дарыгерлер жаштарга энергетикалык суусундуктардын зыяндуулугун эскертти

Ден соолук Загрузка... 08 Декабрь 2025 13:55
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 08.12.25. /Кабар/. Энергетикалык ичимдиктер өспүрүмдөр менен жаштардын арасында эң кеңири тараган зыяндуу адаттардын бири бойдон калууда. Буга байланыштуу дарыгерлер аларды дайыма ичүү ден соолукка олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин эскертишет.

"Курамындагы канттын жана кофеиндин жогорку өлчөмү жүрөк-кан тамыр, нерв системаларына, ошондой эле ашказан-ичеги карындарга терс таасирин тийгизет. Мүмкүн болгон кесепеттердин арасында кан басымдын жогорулашы, аритмия, уйкусуздук, тынчсыздануу, ачуулануу, зарна, гастриттин курчушу, тиш эмалынын бузулушу, суусуздануу жана нерв системасынын чарчашы бар", - дешет дарыгерлер.

Энергетикалык ичимдиктер ашыкча ичилгенде, алкоголдук ичимдиктерге кошулганда, ошондой эле балдар, өспүрүмдөр жана өнөкөт оорулары бар адамдар үчүн өзгөчө коркунучтуу.

Энергетиктердин зыяндары:

  • машыгуу алдында энергетик ичүүгө болбойт, анткени бул жүрөккө жүктү өтө жогорулатат.
  • кофеиндин чоң дозалары көз карандылыкты жаратып, уйкунун сапатын төмөндөтөт, бул окуу мезгилинде өтө кооптуу.

Чарчоо менен күрөшүү үчүн коопсуз альтернативаларды колдонуу сунушталат:

  • толук кандуу уктоо;
  • тең салмактуу тамактануу;
  • жетиштүү көлөмдө суу ичүү;
  • орточо физикалык активдүүлүк.

Эксперттер ата-энелерди жана мугалимдерди өспүрүмдөрдүн энергетикалык ичимдиктерди колдонуу белгилерине көңүл буруп, балдар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырышат.

Ал эми дарыгерлер өспүрүмдөргө энергетикалык ичимдиктерден толугу менен баш тартууну сунушташат.