Анемиянын алдын алуу: Гемоглобинди кантип нормада кармоо керек?

Ден соолук Загрузка... 19 Март 2026 13:54
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 19.03.26. /Кабар/. Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борборунун адистери анемия, анын белгилери, себептери жана туура тамактануунун маанилүүлүгү тууралуу маалымат беришти.

Анемия — бул кандагы гемоглобиндин деңгээлинин же эритроциттердин санынын азайышы. Бул абал организмдеги ткандардын кычкылтек менен камсыз болушунун начарлашына алып келет. Гемоглобиндин деңгээли эркектерде 130 г/л, ал эми аялдарда 115 г/л төмөн болсо, анемия диагнозу коюлат. Балдарда бул көрсөткүч алардын жаш курагына жараша аныкталат.

Анемиянын себептери:

  • Ашказан-ичеги трактындагы жаралар жана полиптер;
  • Бөйрөктүн өнөкөт оорулары;
  • Онкологиялык жана жугуштуу оорулар;
  • Глисттик (курт) оорулардын фонунда.

Адистер алдын алуу үчүн үзгүлтүксүз медициналык текшерүүдөн өтүүнү, кандын анализин тапшырууну жана өнөкөт ооруларды өз убагында дарылоону сунушташат.

Гемоглобиндин пайда болушу үчүн зарыл болгон темир организмге эки формада кирет:

  1. Гемдик темир — жаныбарлардан алынган азыктарда (кызыл эт, боор, канаттуулардын эти, жумуртка) болот. Ошондой эле шоколад гем темиринин булагы болуп саналат (28 граммында суткалык норманын 19%ы бар). Бул форма организмге 14–18%га чейин жакшы сиңет.
  2. Гемдик эмес темир — жашылча-жемиштерде, жаңгактарда жана дан өсүмдүктөрүндө болот. Анын сиңүүсү төмөн (5–12%).

Вегандар жана вегетариандар үчүн темирдин булагы катары гречка, нут, анар, төө буурчак жана шпинат сунушталат.

Маанилүү кеңеш: Темирдин жакшы сиңиши үчүн аны С витаминине бай азыктар менен бирге колдонуу зарыл. Бирок темирди кальцийи бар азыктар (сүт азыктары) менен бир убакта ичпөө сунушталат, анткени кальций темирдин сиңүүсүнө тоскоолдук кылат.