Мугалим –ар бир баланын жүрөгүнө билимдин жарыгын чачып, жан дүйнөсүнө азык берет. Алар коомдун өнүгүшүндө негизги ролду ойнойт жана жаш муунду тарбиялап, инсандык сапаттарын, жоопкерчилигин калыптандырат. Мугалимдердин эмгеги билим берүү менен гана чектелбестен, маданиятка, экономикага жана коомдук турмушка да таасир этет. Андан сырткары, мугалимдик – башка бардык кесиптерди окуткан ардактуу кесип. Дарыгерди да, инженерди да, президентти да мугалим окутат. Ошондуктан алардын эмгеги – түбөлүктүү жана таасири – чексиз.

5-октябрда дүйнөнүн жүздөгөн өлкөлөрүндө Мугалимдер күнү белгиленип, агартуучуларга бул күнү ар кандай ыраазычылыктар жана алкыштар айтылат.
ЮНЕСКО уюму 1994-жылдан бери бул күндү Мугалимдердин бүткүл дүйнөлүк күнү катары бекиткен. Кыргызстанда да бул салт улантылып, 2014-жылы өкмөттүн токтому менен 5-октябрь расмий түрдө Кыргыз Республикасынын Билим берүү кызматкерлеринин күнү катары белгиленип келет.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкөнүн иштеген калкынын 10%ы билим берүү тармагында эмгектенет. Педагогдор эң кеңири тараган жана талап кылынган кесип ээлери болуп саналат жана алардын басымдуу бөлүгү мектеп мугалимдери. Бул кесип салттуу түрдө аялдардын кесиби катары эсептелинип, өлкө боюнча мектеп мугалимдеринин жалпы санынын 87 пайызын аялдар түзөт.
2024-2025-окуу жылында жогорку билим берүү уюмдарын 8 миңден ашык келечектеги мугалим аяктап, алардын 87%ы жогорку билимдүү болгон. Учурда Кыргызстандагы 5 миңге жакын билим берүү мекемелеринде 131 миңден ашык педагог 2 миллиондон ашык кенже курактагы балдарга, окуучуларга жана студенттерге билим жана тарбия беришүүдө.
Өлкө боюнча 94 миңге жакын мектеп мугалими бар, алардын 33 миңден ашыгы шаарда, 60 миңден ашыгы айыл жергесинде иштейт. Орточо эсеп менен бир мугалимге 16 окуучу туура келет (шаарда – 20, айылда – 15).

Балага билим берүүнү, адамдык сапаттарды тарбиялоону биринчи орунга койгон коомдо мугалимдин орду ардактуу жана урматтуу.
Быйылкы жылы агартуу тармагы жаңы кадам таштаган 12 жылдык билим берүү системасында мугалимдер үчүн да кагаз иштерине кетчү убакытты үнөмдөө максатында бир катар жеңилдиктер жана мүмкүнчүлүктөр каралган. Документтерди санариптештирүүнүн алкагында журнал, журналга баа коюу жана отчетторду онлайн жүргүзүү мүмкүнчүлүгү түзүлүп, бир катар платформалар иштелип чыкты. Ошондой эле билим берүү процессин жеңилдетүү максатында ноутбуктар тапшырылууда.
Мугалимдерди мамлекет тарабынан колдоо иретинде министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Мамлекеттик ипотекалык компанияга жаш мугалимдерге “нөлдүк пайыз шарты” менен турак жай берүү планын иштеп чыгууну тапшырды.
Ошондой эле акыркы жылдары мугалимдердин айлыктары көтөрүлүп, алдыда дагы да көтөрүү пландалууда.
Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда мугалимдердин минималдуу айлыгы 12 миң сомду, ал эми максималдуу айлыгы 72 миң сомду түзөт. Ал эми жыл башынан берки орточо эмгек акысы 25 миң 764 сомду түзөт.
Буга чейин агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева “Кабар” агенттигине берген маегинде келерки жылы мугалимдердин айлыгы көтөрүлө тургандыгын айткан. “2026-жылдын апрель жана октябрь айларында эки этап менен мугалимдердин айлыгы жогорулайт. Окуучунун билим сапаты жогорулаган сайын мугалимдин айлыгы да жогорулайт”,-деп белгилеген ал.

Мугалимдердин айлык акысы буга чейин 2020-жылы 30% га жогорулаган. Ошондой эле 2022-жылдын январында президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен 50%дан 80%га чейин көтөрүлгөн. Бул акыркы 10 жылдагы эң ири өсүштөрдүн бири болгон.
“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын (2023-ж. 11-август, №179) 6-беренесинде “Кыргыз Республикасынын жараны же башка мамлекеттин жараны катары, мугалимдин ар-намысы жана кадыр-баркы корголот жана кепилдикке алынат” деп белгиленген. Буга карабастан коомчулукта агартуучуларга карата орой жана одоно мамиле жасалган учурлар катталып турат. 2025-жылдын 14-апрелинде Ош шаарындагы №8 мектепте дене тарбия мугалимине окуучулардын кол көтөргөнү мунун бир мисалы.
2023-жылдын 12-январында Жогорку Кеңеш мугалимдерди шылдыңдоо жана кемсинтүү аракеттерине каршы мыйзам долбоорун кабыл алып, президенттин кол коюусуна жиберилген. Мыйзам мугалимдерди кордоодон, жаман сөздөрдөн жана адепсиз жаңсоолордон коргоого багытталган.
Мугалимдердин эмгеги коомдун келечегин түзөт жана жаш муунду тарбиялайт. Алар билим берип, адамдык сапаттарды калыптандырууда чоң роль ойношот. Ошондуктан мугалимдерди сыйлоо жана урматтоо — ар бирибиздин милдетибиз.

Эмгек сиңирген мугалим наамынын ээси, агартуучу-новатор Гапыр Мадаминов мугалим ким деген суроого төмөндөгүчө жооп берди:
“Мугалим – бул устаз, саяпкер, балдардын руханий-интеллектуалдык ата-энеси. Этно-педагогикага кайрылсак, “Ата ыраазы – кудай ыраазы” деген сөз бар. Ошонун эле уландысы “Устаз атаңдан улук” дейт. “Устаз шакирттин камалы, шакирт устаздын жамалы” дейт. Камал деген сөз шакиртти өстүрүүчү, бийиктикке алып чыгуучу саяпкер деген маанини билдирет.
Мугалимдер күнүн утурлай, жалпы мугалимдерди, тарбиячыларды, жаш мугалимдерди, билим берүү тармагын жетектеген бардык инсандарды майрамы менен куттуктайм! Агартуучулардын билими окуучуларыбызга жугумдуу болсун! Азыркы учурда президентибиз жана агартуу министрлиги бул тармакта чоң өзгөрүүлөрдү даярдап жатышат. Өлкө боюнча билим берүү мекемелери курулуп жатат. Буга жараша биз, мугалимдер балдарга билим менен жакшы тарбия берип, келечекте жакшы муунду тарбиялап чыгалы. Баарыңыздарга эсенчилик каалайм!”-деди.