Бишкек, 06.07.26. /Кабар/. Бүгүнкү күндө саламаттыкты сактоо тармагынын башкы көйгөйлөрүнүн бири – кадрлардын тартыштыгы бойдон калууда. Кыргызстанда 18 миңден ашык адиске муктаждык бар болсо, иш жүзүндө 13 миңге чукул дарыгер эмгектенет. Бул тууралуу "Кабар подкаст" берүүсүндө саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов билдирди.
Анын айтымында, көйгөйдү эмгек акыны жогорулатуу менен гана чечүү мүмкүн эмес, анткени республикада даярдоо узак убакытты талап кылган тар чөйрөдөгү адистердин курч тартыштыгы байкалууда. Мындан тышкары, көптөгөн медициналык мекемелердин имараттарынын канааттандыраарлык эмес абалы да система үчүн олуттуу сыноо бойдон калууда.
"Аймактарды кыдыруу учурунда бир дагы оорукананын штаты толук камтылган учурду көргөн жокмун: анестезиологдор, травматологдор, гинекологдор жана башка адистер жетишпейт. Облустарда дарыгерлер оор шарттарда жана өтө чоң күч менен иштөөгө аргасыз. Көп учурда жалгыз реаниматолог көп жылдар бою суткасына 24 саат бою бүтүндөй бөлүмдүн ишин камсыздап келет. Мындай жан аябаган эмгек чоң урмат-сыйга жана ыраазычылыкка татыктуу", – дейт министр.
Ведомство башчысы ошондой эле бүгүнкү күндө Кыргызстандын саламаттык сактоо тутумунда жалпысынан 67 миңге чукул адам эмгектенип жатканын кошумчалады.