Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Жай мезгилине чейин ашыкча салмактан арылуу – адамга эң сонун түрткү, бирок ден соолукка зыян келтирбөө үчүн айына орточо 3-4 килограммдан гана таштоо керек. Бул тууралуу дарыгер Юлия Смирнова билдиргенин РИА Новости жазды.
"Жайга чейин арыктоо идеясы жана мотивациясы абдан жакшы. Бирок коопсуз арыктоо маанилүү. Эгерде кыш бою 2-3 өлчөмгө семирген болсок, анда айына 3-4 килограммдан арылуу коопсуз болуп саналат. Эгер мындан көп салмак таштасаңыз, тилекке каршы, ал кайра тез эле кайтып келет", - деди Смирнова.
Муну менен бирге дарыгер арыктоонун жолуна да көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, эң туура жол – туура тамактануу жана физикалык активдүүлүктү (көнүгүүлөрдү) акырындап жогорулатуу болуп саналат.