Дарыгер сасык тумоодо балдарды натыйжалуу дарылоонун жолдорун айтты

Ден соолук Загрузка... 04 Декабрь 2025 17:00
images (4).jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 04.12.25. /Кабар/. Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоого чалдыккандардын саны өсүүдө. Айрыкча балдардын ооруп калуу коркунучу жогору. №8 Үй-бүлөлүк медицина борборунун балдар дарыгери Зарина Дамирова “Кабар” агенттигине бул инфекцияларды кантип эрте аныктоо керектиги жана өз алдынча дарылануу эмне үчүн кооптуу экендиги тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, сасык тумоо күтүүсүздөн башталат: дене табы 39–40 градуска чейин көтөрүлөт, катуу чыйрыгуу, дененин оорушу жана алсыздык пайда болот. Ал эми КРВИ акырындык менен өрчүп, башында мурундан суу агуу, тамак оору жана орточо дене табынын жогорулашы менен башталат. Так диагнозду дарыгердин кароосунан кийин гана коюуга болот.

Педиатр белгилегендей, ата-энелер көп жасаган ката — баланын дене табы 39 градуска жеткенде дүрбөлөңгө түшүп, дароо чара көрүүгө шашылышы.

«Алар дене табы 39 градуска жеткенде парацетамолду ашыкча өлчөмдө ичирип же аны өтө бат-баттан бере башташат. Кээде бул дене табынын кооптуу деңгээлге 34–35 градуска чейин төмөндөп кетишине алып келет», — деди дарыгер.

Ата-энелер көп учурда балдарына антибиотиктерди өз алдынча эле сайышат. Педиатрдын айтымында, мындай аракеттерге таптакыр жол берилбеши керек, анткени бул абдан кооптуу.

Дарыгердин пикиринде, дарылоо учурунда баланы көп суюктук ичирүү, бөлмөнү үзгүлтүксүз желдетүү, үйдү салкын жана нымдуу абалда кармоо маанилүү.

Баланын дене табын сандар менен гана эмес, анын жалпы абалына карап баалоо зарыл.

«Айрым балдар 39 градус ысытмада да активдүү болушат, ал эми башкалары 38 градус эле көтөрүлсө өздөрүн абдан начар сезишет. Ысытманы түшүрүүчү дарыларды туура дозада жана белгиленген убакытта берүү керек», — деп түшүндүрдү адис.

Ал кошумчалагандай, антибиотиктерди жөн эле берүү, баланы спирт же уксус менен сүртүү, дене табы көтөрүлгөндө ысык буу менен дем алдыруу, же дарыгердин көрсөтмөсү жок күчтүү дарыларды колдонуу — таптакыр болбойт. Мындай аракеттер баланын абалын начарлатып, ал тургай талмага алып келиши мүмкүн.