Дарыгер кош бойлуулуктагы витамин жетишсиздигинин кесепеттерин айтып берди

Ден соолук Загрузка... 28 Май 2026 12:50
WhatsApp_Image_iUUfhuA.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. Ош шаарындагы №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун акушер-гинекологу Кишимжан Мурзакулова ЭлТР телеканалына берген маегинде кош бойлуулук учурунда витаминдерди кабыл алуунун маанилүүлүгү жана алардын жетишсиздиги баланын ден соолугуна кандай кесепеттерди алып келерин айтып берди.

Анын айтымында, кош бойлуулук учурунда фолий кычкылынын жетишсиздиги баланын баш мээсинин өнүгүүсүнүн бузулушу, Spina bifida (омуртканын тубаса грыжасы), ошондой эле анэнцефалия (бала баш мээсинин бир бөлүгү жок туулган оор кемтик) сыяктуу олуттуу патологияларга алып келиши мүмкүн. Кээ бир учурларда балдар мээси толук өнүкпөй жана майыптуулукка себеп боло турган башка тубаса патологиялар менен төрөлүшөт.

Мурзакулова кош бойлуу аялдын организминде йоддун жетишсиздиги баланын акыл-эсинин өнүгүүсүнө таасирин тийгизип, кийинчерек интеллекттин төмөндөшүнө жана акыл-эсинин артта калышына алып келерин белгиледи. Ошону менен бирге, анын айтымында, курамында йод бар "Йодомарин" сыяктуу дары-дармектердин өз убагында кабыл алынышы мындай кесепеттердин алдын алат.

WhatsApp_Image_2026-05-28_at_11.36.05.width-800

Мындан сырткары, дарыгер аз кандуулук учурунда эне да, бала да жабыркай турганын, анткени темир заты экөөнө тең зарыл экенин белгиледи. Кош бойлуулук учурунда организмдеги темирдин деңгээли төмөндөйт, андыктан кандагы көрсөткүчтөр нормада болгон учурда да темир дарыларын ичүү сунушталат.

"Дал ушул себептен мамлекет кош бойлуу аялдарга өзгөчө кам көрүүдө. "Дени сак эне - дени сак бала, дени сак коом" урааны астында 2030-жылга чейинки программа иштеп жатат: майыптуулугу бар балдардын төрөлүшү болбошу керек, балдардын өлүмү кескин кыскарышы абзел, ал эми энелердин өлүмү таптакыр катталбашы керек", - деди Мурзакулова.

Дарыгер белгилегендей, бул программанын негизинде аялдардын иштегенине же иштебегенине карабастан, алар үчүн жеңилдиктер каралган. Кош бойлуулар кайрылган күнү бардык керектүү нерселер менен камсыз болушат, ал эми бир жумадан кийин аларга дары-дармектер бериле баштайт. Базага катталгандан кийин документтерди тариздөө болжол менен бир жуманы алат. Дары-дармектерди тынымсыз ичүүгө уруксат берилет, ал эми дарыгерлер консультацияларды өткөрүп, аларды кабыл алуу эрежелерин түшүндүрүп турушат.