Дарыгер эртең мененки тамактануудагы эң пайдалуу азыктарды атады

Ден соолук Загрузка... 16 Март 2026 10:06
WhatsApp_Image_2026_KHrwLec.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. "СберЗдоровье" медициналык компаниясынын эндокринологу Маргарита Белоусова эртең мененки тамактануу үчүн эң пайдалуу азыктарды атады. Бул тууралуу Лента.ру басылмасы жазды.

Дарыгердин айтымында, эртең мененки тамактануу үчүн төмөнкү варианттар эң ылайыктуу:

  • жаңы жашылча салаты кошулган омлет жана жемиш кыямы сүйкөлгөн дан нанынан жасалган тосттор;
  • тоок төшү, салат жалбырагы, каймак сыр жана помидор кошулган сэндвич;
  • грек йогурту кошулган жемиш-жидек боулу;
  • жидек жана жаңгак кошулган быштак же быштак запеканкасы;
  • фета сыры менен бышырылган ашкабак салаты.

Тамакты тоюмдуу кылуу үчүн адис пайдалуу майларды, мисалы, бир аз жаңгак же авокадо кошууну сунуштайт.

Ошондой эле дарыгер салттуу эртең мененки тамак болуп саналган ботколорго токтолду.

Анын пикиринде, дан өсүмдүктөрү пайдалуу болгону менен алар баарына эле боло бербейт. Мисалы, кант диабетинин экинчи түрү бар бейтаптарга гликемикалык индекси төмөн болгон сулу, гречка же арпа ботколорун тандаган оң.

Ал эми глютенди көтөрө албаган адамдарга булгур, арпа жана буудай ботколорунан баш тартуу сунушталат. Мындай учурда гречка, күрүч жана жүгөрү коопсуз альтернатива боло алат.