Бишкек, 16.04.26 /Кабар/. Дарыгер-терапевт жана иммунолог Ирина Ярцева гүлдөө мезгилинде аллергиянын белгилерин кантип жеңилдетүүгө болорун, кайсы дарылар натыйжалуу экенин жана дарылоону эмне үчүн алдын ала баштоо маанилүү экенин Lenta.ru басылмасына берген маегинде айтып берди.
Анын айтымында, аллергия менен күрөшүүнүн эң натыйжалуу жолу – дарыгерге кайрылуу.
“Медициналык беткаптар жардам бербейт. Аллергияны басаңдатуучу натыйжалуу дары-дармектер бар, булар жөн гана витаминдер эмес. Аларга антилейкотриендер, жергиликтүү гормоналдык тамчылар жана спрейлер, ошондой эле анти-IgE препараттары кирет. Бул каражаттар гормоналдык ийнелерден айырмаланып, иммунитетти түшүрбөйт жана организмге күч келтирбейт”,- дейт дарыгер.
Ярцева дарылоону алдын ала, тактап айтканда ноябрь-декабрь айларында баштоо жакшы экенин белгилейт. Мындай учурда гүлдөө мезгили башталганда аллергиянын белгилери дээрлик байкалбай калышы мүмкүн. Эгер алдын ала даярдык көрүлбөсө, абалды жөнөкөй чаралар менен жеңилдетүүгө болот.
Мисалы, жаан жааган учурда абал жакшырат, анткени чаңчалар жерге түшөт. Ал эми ысык жана шамалсыз аба ырайында мүмкүн болушунча үйдө болуу сунушталат. Адис терезелерди ачпоону же фильтрлерди, желдетүү системаларын колдонуу керектигин айтат. Эгер терезе ачык болсо, аны нымдуу марля же майда тор менен жаап коюу сунушталат.
Мындан тышкары, күнүмдүк сактык чараларын кармануу да маанилүү. Көчө кийимдерин коридордо калтыруу же сырт жагын ичине каратып жыйноо, чачты жайып жүрбөө, үй жаныбарларын сырттан келгенден кийин нымдуу чүпүрөк менен сүртүү керек. Анткени алар чаңчаны алып кириши мүмкүн.
Дарыгер күндүн убактысына да көңүл бурууну эскертти. Чаңчалар эң көп тараган учур - таңкы саат бештер чамасы, ошондуктан бул убакта сейилдөө же чуркоодон баш тарткан оң. Ошондой эле гүлдөө маалында сейил бак жана токойлорго, айрыкча кайың көп өскөн жерлерге барбоо сунушталат.
Эгер сыртка чыгуу зарыл болсо, мурунду туздуу суу менен жууп туруу пайдалуу. Ошол эле учурда дарыгер тамырларды тарытуучу тамчыларды колдонбоону эскертти. Алар адатта КРВИ учурунда кыска мөөнөткө гана колдонулат. Аллергия узакка созулгандыктан, мындай дарыларды ашыкча колдонуу былжыр челдин жабыркашына, абалдын начарлашына жана шишиктин күчөшүнө алып келет.