Кыргызстан трансплантология боюнча адистердин санын көбөйтөт

Министрлер кабинети Загрузка... 15 Апрель 2026 23:30
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 15.04.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Россиянын башкы трансплантологу, Россия илимдер академиясынын академиги Сергей Готье менен жолугушту.

Жолугушууда президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен трансплантологияны өнүктүрүү мамлекеттик саламаттыкты сактоо саясатынын артыкчылыктуу багыты катары аныкталганы айтылды. Акыркы жылдары зарыл ченемдик укуктук база түзүлүп, заманбап медициналык технологияларды этап-этабы менен ишке киргизүү үчүн шарттар камсыз кылынды.

Трансплантология боюнча эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Анда 2024-жылдын 24-июлундагы келишим менен бекитилген Кыргызстандын М.М. Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борбору менен Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин академик В.И. Шумаков атындагы Трансплантология жана жасалма органдар боюнча улуттук медициналык илимий борборунун ортосундагы өз ара кызматташуулар практикалык натыйжаларды көрсөтүүдө.

Бул кызматташтыктын алкагында Кыргызстандан 20 медицина кызматкери адистештирилген трансплантология багыттары боюнча стажировкадан өтүштү. Учурда тараптар бул программа боюнча адистердин санын көбөйтүүнү талкуулашууда.

Кыргызстанда трансплантологияны өнүктүрүү боюнча саясат ырааттуу түрдө ишке ашырылууда: 2023-жылдан бери республикалык бюджеттен каржыланган органдарды трансплантациялоо программасы иштеп жатат.

Органдарды трансплантациялоо боюнча Россияда эң ири практикалык тажрыйбасы бар, трансплантология тармагындагы дүйнөдөгү алдыңкы эксперттердин бири Сергей Готьенин азыркы сапарынын мааниси өзгөчө белгиленди.

Сапардын алкагында М.М. Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда академик Сергей Готьенин жетекчилиги астында боор фрагментин трансплантациялоо ийгиликтүү жасалган.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар трансплантология чөйрөсүндөгү кызматташууну мындан ары тереңдетүүнү, анын ичинде практикалык өз ара аракеттенүүнү жана адистерди даярдоону кеңейтүүнү макулдашты. Жетишилген макулдашуулар Кыргызстанда жогорку технологиялык медициналык жардамды өнүктүрүүгө кошумча түрткү берип, эки тараптуу кесипкөй өнөктөштүктү бекемдей турганы белгиленди.