Амангелдиев KazanForum`да: Кыргызстан инвестицияга жана жаңы өнөктөштүктөргө ачык

Министрлер кабинети Загрузка... 16 Май 2026 10:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 16.05.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Россия – Ислам дүйнөсү: Kazan Forum” XVII эл аралык экономикалык форумунун пленардык сессиясына катышты.

Сессия “Картадагы чекиттерден өсүү чекиттерине: технологиялык жана финансылык демилгелерди бириктирүү” деген теманын алдында өттү.

Данияр Амангелдиев өз сөзүндө аталган форумдун жана жеке өзү Татарстандын раиси Рустам Миннихановдун Россиянын Ислам дүйнөсү менен байланыштарын чыңдоодогу негизги ролун өзгөчө белгиледи.

Кыргызстандын туруктуу оң өнүгүү динамикасына токтолгон минкаб төрагасынын биринчи орун басары 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ички дүң продукциясынын реалдуу өсүшү 11 пайыздан ашканын, ал эми өнөр жай секторунда 119 жаңы ишкана ишке киргизилгенин маалымдады.

Аны менен катар ал өлкөдөгү инвестициялык мыйзамдардын сапаттуу жаңыланышы тууралуу билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылы инвесторлордун укуктарын коргоого жана ачык-айкындуулукту камсыздоого багытталган жаңы мыйзамдар кабыл алынган. Ошондой эле IT-секторунун ийгиликтерине өзгөчө көңүл бурулуп, Жогорку технологиялар паркынын ишмердүүлүгүнүн аркасында IT-кызматтарынын экспорту акыркы 10 жылда 45 эсеге көбөйгөнү айтылды.

“Өнүктүрүүнүн төрт артыкчылыктуу багыты аныкталды: индустриализация, айыл чарбасы жана туризм, транспорттук-логистикалык хабды түзүү жана жашыл энергетиканы өнүктүрүү. Бул багыттар санариптештирүүгө жана технологиялык модернизацияга басым жасоо менен ишке ашырылат”, - деди Данияр Амангелдиев.

Андан сырткары, минкаб төрагасынын биринчи орун басары Ысык-Көл облусунда “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагын түзүү тууралуу жарыялап, өлкөнүн негизги транзиттик түйүн катары өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн баса белгиледи. Ошондой эле экологиялык таза адал продукциянын экспортун кеңейтүү пландары айтылды.

“Кыргызстан диалогго, инвестицияга жана жаңы демилгелерге ачык. Биз ишенимдүү өнөктөш болууга жана Евразиянын жана ислам дүйнөсүнүн калыптанып жаткан жаңы экономикалык архитектурасынын активдүү катышуучусу болууга даярбыз”, - деп жыйынтыктады ал.