Амангелдиев Казанда Өзбекстан жана Афганистан делегациялары менен жолугушту

Министрлер кабинети 15 Май 2026 13:35
6a06c3f3c3cd9.jpeg
6a06c3f985cb5.jpeg
6a06c3eedf77a.jpeg
6a06c3f0b32a6.jpeg
6a06c3f7c3b00 (1).jpeg
6a06c3f41eb41 (1).jpeg
Алдыга
Артка
6a06c3f3c3cd9.jpeg
6a06c3f985cb5.jpeg
6a06c3eedf77a.jpeg
6a06c3f0b32a6.jpeg
6a06c3f7c3b00 (1).jpeg
6a06c3f41eb41 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев "Россия — Ислам дүйнөсү: KazanForum 2026" эл аралык экономикалык форумунун аянтчасында өнөктөш өлкөлөрдүн делегация башчылары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. 

Өзбек тараптын демилгеси менен өткөн Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Жамшид Ходжаев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелеринин кеңири чөйрөсү жана мурда жетишилген макулдашуулардын аткарылышы талкууланды. 

Данияр Амангелдиев өз ара аракеттенүүнүн оң динамикасын канааттануу менен белгилеп, өлкөлөр ортосундагы мамилелер достуктун, ынак коңшулуктун жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн бекем пайдубалында өнүгүп жатканын баса белгиледи.

"Биз соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда биргелешкен долбоорлорду активдүү илгерилетип жатабыз. Региондор аралык кызматташтыкты өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ, ал биздин экономикалык байланыштарыбыздын кыймылдаткычы болуп саналат. Тиешелүү "жол карталарында" бекитилген макулдашуулар ийгиликтүү ишке ашырылууда", - деп белгиледи Кыргызстандын министрлер кабинетинин биринчи төрагасынын орун басары. 

Тараптар энергетика, айыл чарба, бизнести өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин кеңири талкуулап, бардык деңгээлдеги байланыштардын жогорку темпин колдоого даяр экендиктерин ырасташты. 

Ошондой эле форумдун аянтчасында Данияр Амангелдиевдин Афганистандын жогорку билим берүү министри Неда Мохаммад Надим баштаган делегациясы менен жолугушуусу болду. Маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар гуманитардык кызматташуу, ошондой эле билим берүү тармагындагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Өзгөчө көңүл биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу маселелерине бурулду. Афган тарап илим жана жогорку билим берүү тармагында тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирди. 

Жолугушуунун соңунда министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары өлкөнүн өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда конструктивдүү диалогго даяр экенин ырастады.