Данияр Амангелдиев Казанда Рустам Минниханов менен жолукту. Талкууланган маселелер

Министрлер кабинети Загрузка... 15 Май 2026 10:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Казань шаарына болгон иш сапарынын алкагында "Россия — Ислам дүйнөсү: KazanForum 2026" эл аралык экономикалык форумунун аянтчасында Татарстандын раиси Рустам Минниханов менен жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн кеңири чөйрөсү боюнча пикир алмашып, кыргыз-татарстандык мамилелердин өнүгүүсүнүн жогорку динамикасын белгилешти.

Данияр Амангелдиев Кыргызстан аймактар аралык байланыштарды кеңейтүүгө чоң маани берерин жана Татарстанды алдыңкы экономикалык өнөктөштөрдүн бири катары көрөрүн белгиледи. 

Сүйлөшүүнүн өзгөчө пункту болуп татарстандык тарапты алдыдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, ошондой эле ушул жылдын июнь айында Чолпон-Ата шаарында өтө турган Ысык-Көл эл аралык форумуна чакыруу болду. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Татарстандын делегациясынын жана спортчуларынын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуусу эки элдин маданиятынын жана каада-салттарынын жакындыгынын ачык далили болорун баса белгиледи. 

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар туристтик тармактагы кызматташууну кеңири талкуулашты. Тоо лыжа туризмин өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалды. Кыргызстандын бай жаратылыш потенциалын жана Татарстандын заманбап туристтик инфраструктураны түзүүдөгү тажрыйбасын эске алуу менен, маектештер бул багытта тажрыйба алмашуу боюнча идеялары менен бөлүштү.

Өз кезегинде, Татарстандын раиси Рустам Минниханов Данияр Амангелдиевге форумга катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго жана министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек  Касымалиевге урматтоо сөздөрүн айтты.

"Биз үчүн Кыргызстан – боордош республика. Бизди тарых, ишеним жана каада-салттар бириктирет. Биз соодабызда ишке ашпай калган чоң мүмкүнчүлүктөрдү көрүп турабыз жана аны ачуу үчүн активдүү иштөөгө даярбыз", - деп баса белгиледи Рустам Минниханов. 

Татарстандын раиси экологиялык күн тартибине өзгөчө көңүл буруп, эки эл үчүн тең ыйык жаныбар жана эки республиканы бириктирген символ болгон илбирсти сактоо боюнча биргелешкен иштин маанилүүлүгүнө токтолду. Ал Кыргызстандын биоартүрдүүлүктү жана бийик тоолуу экосистемаларды коргоо жаатындагы демилгелерин колдой тургандыгын билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстандын жана Татарстандын жарандарынын жыргалчылыгы үчүн багытталган көп пландуу кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө даяр экендиктерин ырасташты.