Данияр Амангелдиев “Евразия экономикалык биримдикке 10 жыл” медалдарын тапшырды

Министрлер кабинети Жүктөлүүдө... 11 Апрель 2025 16:55
67f8e048a0c69-thumb.jpg
67f8e048a0bdc-thumb.jpg
67f8e049ad58d-thumb.jpg
67f8e048d8bd8-thumb.jpg
67f8e048d76fa-thumb.jpg
67f8e049aad11-thumb.jpg
67f8e0491f58a-thumb.jpg
67f8e0491ff68-thumb.jpg
67f8e0496abf4-thumb.jpg
67f8e0496be49-thumb.jpg
Алдыга
Артка
67f8e048a0c69-thumb.jpg
67f8e048a0bdc-thumb.jpg
67f8e049ad58d-thumb.jpg
67f8e048d8bd8-thumb.jpg
67f8e048d76fa-thumb.jpg
67f8e049aad11-thumb.jpg
67f8e0491f58a-thumb.jpg
67f8e0491ff68-thumb.jpg
67f8e0496abf4-thumb.jpg
67f8e0496be49-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.04.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Евразия экономикалык биримдигинин 10 жылдыгына арналган медалдарды тапшыруу аземине катышты.

“Бул жогорку сыйлык сиздердин сиңирген эмгегиңиздерди, кесипкөйлүгүңүздөрдү жана Евразия экономикалык биримдигин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу жеке салымыңыздарды баалоо болуп саналат”, - деп белгиледи Данияр Амангелдиев.

Ал ошондой эле медалды тапшыруу чечимине ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин Президенттери былтыр декабрда Санкт-Петербург шаарында кол коюшканын белгиледи.

"Акыркы он жылдыкта Биримдик евразиялык мейкиндикте маанилүү интеграциялык бирикмеге айланып, калыптануу жана өнүгүү жагынан узак жолду басып өттү. ЕАЭБге мүчө мамлекеттер макроэкономикалык туруктуулукту сактап, аймактагы азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыздай алышты, өндүрүштүн туруктуу өсүшүн колдой алышты жана сатуунун жаңы рынокторуна чыга алышты", - деди ал.

Ал белгилегендей, 2015-2024-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасы менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара сооданын көлөмү 2 эсеге – 2015-жылдагы 2448,3 млн доллар 2024-жылы 4992,4 млн долларга чейин өскөн.

"Мындай көрсөткүчтөр Биримдиктин өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыктын туруктуу жана прогрессивдүү өнүгүп жатканын жана интеграциялык байланыштардын тереңдеп баратканын айгинелейт. Келечекте Евразия экономикалык биримдик мындан ары да динамикалуу өнүгүп, өлкөлөрүбүздүн экономикалык потенциалын бекемдеп, жарандардын бакубаттуулугун жогорулатат деп ишенем", - деп жыйынтыктады Данияр Амангелдиев.

Иш-чара евразиялык интеграцияны өнүктүрүүгө салым кошкон мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, ошондой эле ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнө “Евразия экономикалык биримдигине 10 жыл” медалдарын тапшыруу аземи менен аяктады.