Данияр Амангелдиев: Биз дайыма Россия менен алаканы талкуулап турабыз

Тышкы саясат Загрузка... 13 Февраль 2025 12:38
2024-12-16_14-28-22_417723.2e16d0ba.fill-800x500.jpg
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. Биз дайыма Россия менен алаканы талкуулап турабыз. Мындай пикирин министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Бишкекте өткөн брифингде билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Россия менен боло турган өкмөттөр аралык комиссиянын отуруму тууралуу суроого жооп берип жатып, иш-чарада соода-экономикалык, маданий жана социалдык маселелер талкууланарын белгиледи.

«Эч кандай чечилбеген же шашылыш маселелер жок. Мен орус кесиптештерим менен квартал сайын жолугуп, алаканы талкуулап турабыз. Учурда чечилбеген же тез арада чечүүгө тийиш болгон саясий маселелер жок. Биз бардык маселелерди оперативдүү түрдө чечебиз”, - деди Амангелдиев.