Данияда балдарга айрым соцтармактарга кирүүгө тыюу салынышы мүмкүн

Дүйнө 8 октябрь 2025 09:10
Данияда балдарга айрым соцтармактарга кирүүгө тыюу салынышы мүмкүн

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 08.10.25. /Кабар/. Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен өкмөттүн 15 жашка чейинки балдар үчүн айрым социалдык тармактарды колдонууга тыюу салуу планын жарыялады. Бул тууралуу Интерфакс Politico кабарлаганын жазды.

Маалыматта белгиленгендей, Даниянын парламентинин сессиясында премьер-министр "уюлдук телефондор жана социалдык тармактар ​​балдардын балалыгын уурдап жатат", деп билдирген.

Премьер-министрдин айтымында, ата-энелер балдарына 13 жаштан баштап социалдык тармактарды колдонууга уруксат берүүгө укуктуу.

Фредериксен парламентарийлер "мыйзамды катаалдаштырууга жардам берсе, ошону менен Даниядагы балдар корголот", деген ал.

Премьер-министр конкреттүү түрдө кайсы социалдык түйүндөргө тыюу салынарын жана мыйзам долбоору качан караларын так айткан эмес.