Бишкек, 29.07.25. /Кабар/. “Дан” мамлекеттик ишканасы модернизацияланып, эски имараттары капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн “Биринчи радионун” түз эфиринде ишкананын директору Болотбек Исмаилов билдирди.
Анын айтымында, оңдоп – түзөөнүн аркасында жабдыктардын баары жакшы иштеп, бүгүнкү күндө кошумча каражат дагы түшө баштады.
“Жаңылоонун аркасында суткасына 150 тонна буудайды кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Жакында эле Түркиядан атайын жаңы жабдуулар сатып алынган. Жабдыктар Евразия экономикалык биримдиктин талаптарына жооп берет. Андан өндүрүлгөн ун жана ун азыктарын Евразия экономикалык биримдиктин аймагына чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жабдуулардын жаңыртууга өлкө бюджетинен суда катары 64 млн сом бөлүнгөн”,-деди ал.

Исмаилов кошумчалагандай, мындан сырткары жабдууларга Кара-Балта шаарын өнүктүрүү үчүн бөлүнгөн 1 млрд сомдун 100 млн сому жумшалган.
“Эки айдын ичинде жаңы алынып келген жабдуулардан алгачкы продукциялар чыгарыла баштайт. Өндүрүлгөн азыктарды келечекте Казакстан, Өзбекстан, Россия жана Беларусь өлкөлөрүнө экспорттоо пландалууда”,-деди ал.
Ал муну менен катар “Дан” мамлекеттки ишканасы өздүк заводду иштетүүдөн тышкары мамлекеттик буйрутманы дагы аткарарын белгиледи.
“Негизинен ишкана мамлекеттик резервдер фондундунун түндүк аймагы боюнча чогулган буудайын сактап берет. Унга жарактуу болгон үчүнчү категориядагы буудайды дыйкандардын лабораториялык изилдөөдөн кийин гана кабыл алат”,-деди ал.