Дамир Осмонов: Ар бир бала сапаттуу реабилитациялык жардам алууга тийиш

Ден соолук 526 10 Июнь 2026 09:20
719992709_1019156527178382_5350444268968938105_n.jpg
717140746_1019156530511715_5409042726564588157_n.jpg
717642478_1019156537178381_1230096385839617903_n.jpg
718992966_1019156540511714_8366199929127736208_n.jpg
720846371_1019156533845048_604421039916417219_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Арчалы айылындагы "Максат" реабилитациялык борборунун ишмердүүлүгү жана өзгөчө муктаждыктары бар балдарга көрсөтүлүп жаткан жардамдын шарттары менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Анда министр борбордун дарыгерлери менен балдардын церебралдык шал оорусу (ДЦП), аутизм, Даун синдрому бар балдарды медициналык реабилитациялоо тутумун өркүндөтүү жана борбордун базасында заманбап инфраструктураны түзүү демилгелерин талкуулады.

Осмонов өлкөдө бул кызматты өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын негизги багыты экенин белгиледи.

"Ар бир бала жашаган жерине карабастан сапаттуу жана өз убагындагы реабилитациялык жардамга жеткиликтүү болушу керек", - деди министр.

Иш-чаранын жыйынтыгында министрликтин тиешелүү түзүмдөрүнө балдарды реабилитациялоо муктаждыктарын талдап чыгуу жана келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу механизмдерин иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.