Дамасктын музейинен байыркы Рим дооруна таандык 6 айкел уурдалды

Дүйнө Загрузка... 12 Ноябрь 2025 16:12
WhatsApp Image 2025-11-12 at 09.16.54.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 12.11.25 /Кабар/.Сириянын борбору Дамасктын Улуттук музейинен байыркы Рим доорунуна таандык 6 мрамор айкел уурдалды. Бул тууралуу Известия билдирет.

Маалыматка ылайык, уурулук жекшемби күнү кечинде болуп, айкелдердин жоголгону эртеси күнү эртең менен билинген. Классикалык сүрөт бөлүмүнүн эшиги сынган абалда калып, анын натыйжасында айкелдер жоголгону аныкталган.

Жалпысынан 6 айкел уурдалганы айтылат. Учурда бул иш боюнча иликтөөлөр жүрүп, музей убактылуу жабылды.

Буга чейин Франциянын Лувр музейинде да уурулук болуп, баалуу буюмдар уурдалган. Бул ишке байланыштуу бир нече киши кармалды. Президент Эммануэль Макрон уурдалган буюмдар кайра кайтарыларын жана музейдин коопсуздук системасы күчөтүлөрүн айткан.