Бишкек 11.07.25 /Кабар/. Дагестандын Магарамкент облусунда ичүүчү суудан уулангандардын саны 302ге жетти. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Дагестандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянуу менен жазды.
Маалыматка караганда, уулангандардын 294ү балдар. Оор абалдагы бейтаптар катталган жок.
Министрликтин маалыматы боюнча, учурда ооруканада 93 бейтап дарыланууда.
Эске салсак, күн мурун тургундар Магарамкент айылынан 14 чакырым алыстыктагы Ахты айылында жайгашкан "Жепельский" суу булагынан келген ичүүчү сууну колдонуудан ууланышкан.
Уулануудан кийин укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголгон.