Cygnus XL жаңы жүк кемеси эл аралык космостук станцияга учурулду

Дүйнө Загрузка... 15 Сентябрь 2025 09:00
715991c3-ff84-48da-8201-f36178489d8f.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 15.09.25 /Кабар/. Cygnus XL жаңы жүк кемеси эл аралык космостук станцияга учурулду. Бул тууралуу Коммерсант билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, Флоридадагы Канаверал космодромунан SpaceX компаниясынын Falcon 9 ракетаcы ийгиликтүү учурулуп, жаңы Cygnus XL жүк ташуучу кемеси орбитага чыгарылды. Ал Эл аралык космостук станцияга (МКС) жарым өткөргүчтөрдү өндүрүүгө керектүү запастарды жана криогендик отун бактары үчүн жабдууларды жеткирүү максатында жөнөтүлдү.

Кеме станцияга шаршемби күнү жетет.

Бул учуу жаңы Cygnus үлгүсүндөгү кеменин алгачкы миссиясы болуп эсептелет. Мурдагы кеме 3,8 тонна гана жүк көтөрө алса, бул болжол менен 5 тоннадай көтөрө алат.