Циклондон улам Камчатканын айылдарын суу каптады

Дүйнө 12 ноябрь 2025 16:32
Циклондон улам Камчатканын айылдарын суу каптады

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 12.11.25 /Кабар/. Күчөп жаткан циклондон улам Камчатканын айрым айыл-кыштактарын суу каптап жатат. Бул тууралуу Газета.ру басылмасы билдирет.

Маалыматта белгиленгендей, айрыкча Карагин районуна караштуу Ильпырский жана Ивашка айылдары оор абалда калышкан. Ивашка айылын каптаган суу жолду жууп, ошондой эле Юрьев көчөсүндөгү үйлөрдүн короолорун каптады. Азыр атайын техника менен суу тартылып чыгарылууда.

Андан сырткары күн мурун циклондон улам Петропавловск-Камчатский шаарындагы мектептердин баарында сабактар токтотулган. Ошондой эле буга чейин Камчатканын дагы бир айылын штормдон кийинки деңиз суусу каптагандыгы маалым болгон.