Чынбаева "Тамыр – ата-бабалардын мурасындагы рухий күч" көргөзмөсүнө катышты

Коом Загрузка... 03 Июнь 2026 12:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева "Тамыр — ата-бабалардын мурасындагы рухий күч" маданий-социалдык долбоорунун фотокөргөзмөсүнүн салтанаттуу ачылышына катышты. 

Бул көргөзмө "Help the Children-SKD" коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган. 

Көргөзмө кыргыз элинин салттуу маданий мурастарына негизделген көркөм образдар аркылуу долбоордун жаш катышуучуларынын эрдиги, туруктуулугу жана жашоого болгон сүйүүсү тууралуу баяндайт. 

Асел Чынбаева өз сөзүндө балдардын психологиялык жана социалдык реабилитациясына, ошондой эле өзүнө болгон ишенимин бекемдөөгө өбөлгө түзгөн демилгелердин маанилүүлүгүн белгиледи. Ал мындай долбоорлор балдарга оор оорулардын кесепеттерин жеңүүгө гана эмес, өз мүмкүнчүлүктөрүн ачууга, коомдун колдоосун сезүүгө жана улуттук салттар менен маданий баалуулуктар менен байланышты сактоого жардам берерин баса белгиледи. 

Фонддун жана долбоордун катышуучуларынын ишине колдоо көрсөтүү иретинде ыйгарым укуктуу өкүл жаш камкордукка алынгандар үчүн китеп сатып алууга сертификат тапшырып, бекем ден соолук, бакубатчылык жана жаңы ийгиликтерди каалады. 

"Тамыр – ата-бабалардын мурасындагы рухий күч" фотокөргөзмөсү оор ооруларды жеңген балдардын окуяларына арналган жана өзгөчө камкордукка жана көңүл бурууга муктаж балдарды колдоо маселелерине коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталган.