Бишкек, 29.04.25. /Кабар/. Борбор калаанын мэриясында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиевдин Сеул институтунун, DONG IL Engineering компаниясынын жана Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Чыңгыз Айтматов проспектисине Жибек-Жолу проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин интеллектуалдык транспорттук чечимдерди киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу тууралуу мындан аркы кадамдарды талкуулашты.
Долбоор шаардык транспорт системасын туруктуу өнүктүрүүгө багытталып, интеллектуалдык жол чырак түзүмдөрүн ишке киргизүүнү, электрондук жол белгилерин жана маалымат такталарын орнотууну, жөө жүргүнчүлөр үчүн жол жүрүү шарттарын жакшыртууну, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууну, ошондой эле шаардык инфраструктуранын эстетикалык көрүнүшүн жогорулатууну камсыз кылат.
Жамалбек Ырсалиев KOICA жана кореялык өнөктөштөргө Бишкек шаарынын транспорт системасын өнүктүрүүгө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө мэрия даяр экенин белгиледи.
Жыйынтыгында тараптар долбоордун алкагында мындан ары да тыкыс иштешүү тууралуу макулдашышып, Бишкек шаары менен Корея Республикасынын ортосунда шаарды туруктуу өнүктүрүү жаатында достук байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.