Бишкек, 08.07.26 /Кабар/. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгына талапкерлерден документтерди кабыл алуу башталганын билдирди.
Сыйлык жаш таланттарды колдоого, патриоттук жана жаратуучулук духтагы чыгармаларды жаратууга дем берүүгө, ошондой эле руханий-адеп-ахлактык жана маданий баалуулуктарды сактоого жана өнүктүрүүгө багытталган.
Сыйлыкка 35 жашка чейинки Кыргызстандын жарандары талапкер боло алышат. Эмгектер көркөм чеберчиликтин жогорку деңгээлине жооп берип, жаштардын руханий дүйнөсүн чагылдырып, коомдун өнүгүшүнө салым кошушу керек.
Сыйлык 11 багыт боюнча ыйгарылат. Алардын катарына адабият, журналистика жана телевидение, музыка жана сүрөт өнөрү, архитектура жана дизайн, театр жана кино, илим, билим берүү жана жаңы технологиялар, экономика, бизнес жана меценаттык, спорт, ошондой эле жаштар саясатын өнүктүрүү кирет.
Жеңүүчүлөргө Чыңгыз Айтматовдун сүрөтү түшүрүлгөн төш белги, күбөлүк жана салыктарды эске алуу менен 200 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырылат.
Талапкерлерди мамлекеттик мекемелер, маданият, билим берүү, илим жана спорт уюмдары, чыгармачыл бирикмелер, бейөкмөт уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар демилгелүү топтору, ошондой эле өздөрү көрсөтө алышат.
Катышуу үчүн сунуш кат, кыскача өмүр баян, акыркы үч жылдагы сыйлыктар тууралуу документтердин көчүрмөсү, сынактык иштин аннотациясы жана паспорттун көчүрмөсү талап кылынат.
Документтер 2026-жылдын 10-августуна чейин Бишкек шаарындагы К. Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөр республикалык китепканасынын (Ю. Абдрахманов көчөсү, 192, 3-кабат, Иран борбору) дарегинде кабыл алынат.
Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефону: 0550 990 886.