Чүйдө тургундарга алдамчылык схемалары тууралуу эскертилүүдө

Аймак Жүктөлүүдө... 06 Август 2026 11:00
763907379_2527791150996233_6392505946772234503_n.jpg
764833269_1347504404227399_4142817749970563987_n.jpg
766072339_1344444824440870_317900069215164203_n.jpg
766724090_1069583878854472_2926666257853310086_n.jpg
767032164_1716958926266669_387101371563453324_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Чүй ОИИББ

Бишкек, 06.08.26. /Кабар/. Чүй районунда жарандарды кибер алдамчылыктан коргоого багытталган “Кибер алдамчылык” аталышындагы профилактикалык рейд өтүп жатат.

Чүй облустук милициясынын маалыматына ылайык, иш-чара 5-августтан 10-августка чейин уюштурулуп, анын алкагында калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Иш-чара учурунда милиция кызматкерлери интернет жана байланыш каражаттары аркылуу жасалган алдамчылыктын кеңири тараган ыкмалары тууралуу айтып, жарандарга белгисиз чалууларга ишенбөө, банктык карталардын маалыматтарын жана SMS-коддорду үчүнчү жактарга бербөө боюнча эскертүүлөрдү берүүдө.

Ички иштер органдары жарандарды шектүү аракеттерге туш болгон учурда дароо милицияга кайрылууга чакырат.