"Чуңкурчакта" эс алуучулардын коопсуздугу кандай камсыздалат?

Туризм

Алдыга
Артка

Бишкек, 10.11.26 /Кабар/. "Чуңкурчак" тоо лыжа базасында кышкы сезонго даярдык көрүлүүдө. Учурда асма жолдун жабдуулары текшерилип, көтөргүчтөр техникалык тейлөөдөн өткөрүлүп, лыжа тебүүчү трассалар конокторду кабыл алууга даярдалууда. Бул тууралуу базанын директору Александр Бредис "Кабар" агенттигине билдирди.

Анын айтымында, асма жолдогу отургучтарга, кыймылдаткычтарга, генераторлорго жана электр кыймылдаткычтарына техникалык тейлөө жүргүзүлүүдө. Ошондой эле тартуучу механизмдер жана тормоз системалары текшерилип жатат. Мындан тышкары, отургучтар үчүн жаңы каптамалар тигилди.

"Бул иштер жыл сайын жүргүзүлөт. Мындан тышкары, бардык адистер жыл сайын аттестациядан өтүшөт. Асма жолдун ар бир тирөөчүнө өзүнчө техникалык тейлөө жүргүзүлүп, сүрүлүүчү бардык тетиктери майланат", — деди Александр Бредис.

Ал ошондой эле кыш мезгилинде адистер лыжа тебүүчү трассаны тейлеп, сезонго даярдашарын белгиледи. Базанын аймагында коопсуздук эрежелери, асма жолду жана зиплайнды колдонуу тартиби тууралуу маалыматтык такталар орнотулган.

Директордун айтымында, "Чуңкурчакка" эс алуучулар эң көп Жаңы жыл майрамдарында, тактап айтканда, 30-декабрдан 13-январга чейин келишет. Андан кийин келгендердин саны акырындап азаят.

Март айына карата эс алуучулар кыйла азайып, кар катмары дагы эле сакталып турса да, тоо лыжа базасынын ишин убактылуу токтотууга туура келет. Буга шаарда күндүн жылышы жана тоого барууга болгон кызыгуунун төмөндөшү себеп болот.