Чолпон-Атада Өзбекстандын маданият күндөрү жыйынтыкталды – сүрөт баян

Маданият 1253 28 Июль 2026 21:49
IMG_1436.jpeg
IMG_1434.jpeg
IMG_1444.jpeg
IMG_1435.jpeg
IMG_1429.jpeg
IMG_1432.jpeg
IMG_1427.jpeg
IMG_1414.jpeg
IMG_1416.jpeg
IMG_1405.jpeg
IMG_1392.jpeg
IMG_1385.jpeg
IMG_1381.jpeg
IMG_1375.jpeg
IMG_1373.jpeg
IMG_1363.jpeg
IMG_1368.jpeg
IMG_1361.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_1436.jpeg
IMG_1434.jpeg
IMG_1444.jpeg
IMG_1435.jpeg
IMG_1429.jpeg
IMG_1432.jpeg
IMG_1427.jpeg
IMG_1414.jpeg
IMG_1416.jpeg
IMG_1405.jpeg
IMG_1392.jpeg
IMG_1385.jpeg
IMG_1381.jpeg
IMG_1375.jpeg
IMG_1373.jpeg
IMG_1363.jpeg
IMG_1368.jpeg
IMG_1361.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Чолпон-Ата, 28.07.26. /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ”Дордой Номад” этнокомплексинде Кыргызстандагы Өзбекстандын маданият күндөрү салтанаттуу түрдө жыйынтыкталды.

Гала-концертке Кыргызстандын маданият министри Мирбек Мамбеталиев, Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назаралиев баштаган эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү, маданият ишмерлери, жергиликтүү тургундар жана эс алуучулар катышты. Кечеде Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик симфониялык оркестри, ”Навбаҳор” жана ”Үмүт” бий ансамблдери, ошондой эле өзбек эстрадасынын белгилүү ырчылары өнөр көрсөтүштү.

Концерттин эң таасирдүү учурларынын бири Өзбекстандын маданият министри, эки өлкөнүн эл артисти Озодбек Назарбековдун сахнага чыгышы болду. Ал өзүнүн белгилүү чыгармаларын аткарып гана тим болбостон, кыргыз тилинде дагы аткарып, көрүүчүлөрдүн кол чабуусуна жана зор алкоосуна ээ болду.

Көркөм программа кыргыз жана өзбек элдеринин маданий жакындыгын, кылымдарды карыткан достугун жана боордоштук байланыштарын даңазалады. Элдик жана заманбап чыгармалар айкалышкан концерт көрүүчүлөргө өзгөчө майрамдык маанай тартуулап, маданият аркылуу эки өлкөнүн кызматташтыгын дагы бир ирет бекемдей турганын көрсөттү.

Өзбекстандын Кыргызстандагы маданият күндөрү эки элдин чыгармачыл байланышын чыңдоого, маданий алмашууну кеңейтүүгө жана боордош элдердин достугун мындан ары да тереңдетүүгө өбөлгө түзгөн маанилүү иш-чаралардын бири болду.