Чолпон-Атада Өзбекстандын Кыргызстандагы маданият күндөрү башталды

Маданият Жүктөлүүдө... 27 Июль 2026 19:38
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Бүгүн Чолпон-Ата шаарындагы Рух-Ордо маданий борборунда Өзбекстандын Кыргызстандагы маданият күндөрү башталды.

Ачылыш аземинде Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назаралиев куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Алар акыркы жылдары эки өлкөнүн президенттеринин акылман саясатынын аркасында элдер ортосундагы ар тараптуу, анын ичинде маданий кызматташтык эң жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын белгилешти.

Андан соң Өзбекстандын 170тен ашык маданият жана искусство өкүлдөрүнөн турган чыгармачыл делегациянын катышуусунда концерт орун алууда.

Концерттик программада белгилүү артисттер, музыкалык жана бий жамааттары, анын ичинде "Навбахор" жана "Тумор" ансамблдери, Өзбекстандын мамлекеттик симфониялык оркестри өз өнөрлөрүн көрсөтүп жатышат.

Маданият күндөрү эки күнгө созулуп, жабылыш аземи 28-июлда Бостери айылындагы "Дордой Номад" аренасында чоң концерт менен жыйынтыкталат.

Иш-чара кыргыз-өзбек маданий-гуманитардык кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана эки элдин достук байланыштарын бекемдөөгө багытталган.