Чолпон-Атада Ысык-Көл шайлоо форумунун биринчи күнү жыйынтыкталды

Коом Загрузка... 26 Июнь 2025 17:25
WhatsApp Image 2025-06-26 at 16.58.48.jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Чолпон-Ата, 26.06.25. /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында “Шайлоого катышуунун заманбап ыкмалары: теориядан практикага чейин” аталышындагы Ысык-Көл шайлоо форуму болуп өттү.

Форумга Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев, БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве, ошондой эле чет элдик шайлоо органдарынын жетекчилери, эл аралык уюмдардын, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана шайлоо укугу боюнча эксперттер катышты.

Форумдун жүрүшүндө катышуучулар шайлоолордун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, добуш берүү процессине жарандардын ишенимин арттыруу, электрондук шайлоо системасын өнүктүрүү жана шайлоо процесстеринде заманбап технологияларды колдонуу боюнча тажрыйба алмашышты.

Ошондой эле, ар кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрү өз өлкөлөрүндөгү шайлоо системасы тууралуу маалымат беришип, шайлоо мыйзамдарынын өркүндөтүлүшү жана шайлоо тактыгын камсыз кылуу боюнча сунуш-пикирлер айтылды.

Форумдун биринчи күнү конструктивдүү диалог жана тажрыйба алмашууга багытталды.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл шайлоо форуму эртең да улантылып, “Шайлоого жарандардын катышуусун жогорулатуу стратегиялары” жана башка актуалдуу темалар боюнча талкуулар өтөт.