Чолпон-Атада ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өнөр жай министрлеринин IV кеңешмеси башталды

ШКУ 1316 05 Июнь 2026 11:50
IMG_3495.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_3486.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_3497_CokhyD1.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_3496.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_3494.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
IMG_3495.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_3486.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_3497_CokhyD1.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_3496.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_3494.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы №2 Мамлекеттик резиденцияда Кыргызстандын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өнөр жай министрлеринин IV жыйыны башталды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков, Кытай Эл Республикасынын өнөр жай жана маалыматташтыруу министринин орун басары Синь Гобинь, Өзбекстандын инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов, Казакстандын өнөр жай жана курулуш министринин орун басары Иран Шархан, Тажикстандын өнөр жай жана жаңы технологиялар министри Кабир Шерали, Беларусь Республикасынын өнөр жай министринин биринчи орун басары Андрей Конюшко, Россия Федерациясынын өнөр жай жана соода министринин орун басары Иван Куликов, Индиянын оор өнөр жай жана болот өнөр жай министри Хараданахалли Девегоуда Кумарасвами, Иран Ислам Республикасынын өнөр жай, кен казуу жана соода министри Сейед Мохаммад Атабак, ШКУнун башкы катчысынын орун басары Сохайл Хан, ошондой эле Пакистандын өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басарынын кеңешчиси, эмгек маселелери боюнча координатор Марван Алекс Айяш катышууда.

Белгиленгендей, ШКУга мүчө мамлекеттердин өнөр жай министрлеринин жыйыны өкмөттөр аралык кызматташуунун негизги форматтарынын бири болуп саналат. Ал өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты чыңдоого, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө, инвестиция тартууга жана уюмга мүчө өлкөлөрдүн өнөр жай секторун өнүктүрүүгө багытталган.

Эске салсак, 4-июнь күнү Бишкек шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин өнөр жай министрлеринин IV жыйынынын алкагында уюштурулган көргөзмө болуп өткөн.