Бишкек, 01.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 1-4-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда "Көчмөндөр жаңырыгы" эл аралык этно-ыр фестивалы өтөт.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, фестивалга дүйнөнүн төрт тарабынан келген 21 конкурсант катышып, жалпысынан 42 музыкалык номер тартуулайт. Өнөрпоздор өз элдеринин музыкалык мурасын жана чыгармачылыгын бир сахнада көрүүчүлөргө тартуулашат.
"Иш-чаранын финалдык кечеси кыргызстандык жана дүйнөлүк сахнанын жылдыздарынын катышуусундагы чоң концерттик программа менен жыйынтыкталат", - деп айтылат маалыматта.
Фестивалга кирүү үчүн билеттер сатылууда. Билеттерди nebs.gov.kg сайты аркылуу онлайн сатып алууга болот. Ошондой эле билеттер Чолпон-Ата шаарындагы ат майдандын чыгыш жана батыш тарабында жайгашкан эки сатуу түйүнүндө сатылууда.
"Көчмөндөр жаңырыгы" эл аралык этно-ыр фестивалы дүйнө элдеринин музыкалык мурасын бир сахнага топтоп, ар түрдүү маданияттардын чыгармачылык байланышын чыңдоого багытталган.